К. Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасында Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүн майрамдоо боюнча иш чаранын алкагында китеп басып чыгаруучулар арасында жыл сайын өтүүчү «Китеп искусствосу» сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өттү.
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан уюштурулган улуттук сынактын жыйынтыгында «Аркус» басмасына Александр Баршайдын «Евреи-Кыргызстану: от А до Я» китеби үчүн «Чеберчилик» аталышындагы сыйлык ыйгарылды.
Буга чейин дагы «Аркус» басмасынын башка көптөгөн китептери, окуу куралдары грамоталар жана дипломдор менен сыйлангандыгын кошумчалайбыз.